Бүгүн Ош жана Бишкек шаарларындагы мектептерге 100 миң даанадан ашуун "Орус тили" китеби таратылды. Андан сырткары, мугалимдерге орус тилин окутуу боюнча 10 миң даана илимий-методикалык колдонмо берилет. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бириккен Улуттар уюмунун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Башталгыч класстар үчүн чыгарылган китептер ЮНИСЕФ менен Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси аркылуу Орусия элчилиги тарабынан басылган.
"Орус тили" Кыргызстандагы мектептерде тартыш болуп турган китептердин катарына кирет. Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйыл мектептер 70 пайыз окуу китептери менен камсыз болгон.
Кыргызстанда жаңы окуу жылы бүгүн ачылды. (SE)