Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Нарында митингге чыккандар тарап кетти

Нарын шаарында оппозиция өкүлдөрүнө каршы митингге чыккандар тарап кетти. Акциянын уюштуруучулары элди чагымга алдырбоого жана оппозиция өкүлдөрүнүн убадаларына ишенбөөгө чакырышты.

Митингди Нарындын экс-губернатору Адыл Эсенбеков уюштурганын өзү “Азаттыктын” кабарчысына билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети оппозициянын пландарын ашкере кылган тасмада айтылган сөздөргө тынчсызданып бүгүн 50дөй киши Теңир-Тоо аянтына топтолгон.

Тасма 2-сентябрда Коомдук телеканалдан көрсөтүлгөн. Анда оппозиция тарабынан ушул айда өлкөдө башаламандык уюштуруу пландалып жатканы айтылган.

Оппозиция өкүлдөрү муну чагым деп эсептешээрин айтышкан. (TSh/SE)
XS
SM
MD
LG