Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Ала-Бука менен Чаткалда тоо-кен тармагы талкууланат


Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы тоо кендеринин абалы жана ага байланыштуу талаш маселелер талкууланат.

Иш-чара 7-сентбярда аталган райондордун борборлорунда болот. Аны Youth of Osh жана Search for common ground эл аралык уюму биргеликте ишке ашырып жаткан “Кабар-Ордо” долбоорунун адистери уюштурууда.

Долбоордун өкүлү Икбол Исаков “Азаттыкка” билдиргендей, талкууга жергиликтүү бийлик кызматкерлери, кен казуу иштери менен алектенип жаткан компаниялардын өкүлдөрү, жарандык коомдун активисттери жана жашоочулар катышат. Максат – кен казуучулар менен жергиликтүү калктын ортосунда пайда болуп жаткан талаш маселелерди чечүүнүн жолдорун издөө болуп саналат.

Аталган аймактарда жети кен казуучу ишкана бар. Алардын эң ириси болуп Казакстандын “Казакмыс” жана Кытайдын “Иштамберди” кен казуучу компаниялары эсептелинет. Алардын кен казуусуна жергиликтүү тургундар буга чейин бир канча жолу нааразылыктарын билдирген. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG