Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна университет макамы берилди. Мындан ары окуу жай Маданият жана искусство университети деп аталат. Бул боюнча өкмөттүн токтому 27-августта чыккан. Расмий маалымдоо кечеси бүгүн болду.
Аталган окуу жай 1967-жылы түзүлгөн. Учурда 3 факультет, 12 кафедра иштейт. Студенттердин саны 1000ге чамалайт. Негизинен маданият тармагындагы адистер даярдалат. (AJ\SE)
Аталган окуу жай 1967-жылы түзүлгөн. Учурда 3 факультет, 12 кафедра иштейт. Студенттердин саны 1000ге чамалайт. Негизинен маданият тармагындагы адистер даярдалат. (AJ\SE)