Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Египетте Мурсинин жактоочуларын өмүр бою түрмөгө кесишти


Бүгүн өлкөнүн аскерий соту Мухаммад Мурсинин 11 жактоочусун өткөн айдагы массалык нааразылык учурунда “аскерлерге кол салган” деп өмүр бою түрмөгө кести, дагы 45 кишини беш жылга эркинен ажыратты. Сегиз кишини актаган өкүм чыгарды.

Булар баары Суэц шаарында 14-16-август күндөрү “аскерлерге ок аткан, кол салган” деп айыпталышкан. Суэцтеги ал нааразылык Каирде президент Мухаммад Мурсинин күч менен бийликтен кулатылышынан кийин башталган жалпы өлкөдөгү нааразылыктын бир бөлүгү болчу.

XS
SM
MD
LG