АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Башар Асаддын режими химиялык курал колдонууга даярданганы боюнча күмөн саноого себеп жок экендигин айтты. Керринин ою боюнча бул нерсени төгүндөө - реалдуулукка көз жумуу. Бул тууралуу мамлекеттик катчы кечээ эл аралык мамилелер боюнча сенаттык комитетте сүйлөп жатып билдирди. Брифингге АКШнын коргоо министри Чак Хэйгел жана АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы Мартин Демпси катышты.