Армениянын президенти Серж Саргсян Ереван Орусия башкарган Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Ал бул тууралуу шейшембиде, Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада өткөн жолугушууда айтты. Саргсян Армения Еразиялык экономикалык союзду куроого катышууга даяр экенин кошумчалады.
Бажы биримдиги Орусия, Беларус жана Казакстанды бириктирет. 2015-жылы үч өлкө Евразиялык экономикалык союз түзгүлөрү келишет. Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши же кирбеши учурда кызуу талкууланып жаткан маселе.