Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:59

Бир ай ичинде атайын кызматка 199 жаран кайрылды


Август айынын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коррупцияга каршы кызматына 199 жаран кайрылды. Эң көп арыз укук коргоо органдарынын үстүнөн түшкөн.

Комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, укук коргоо органдарына байланыштуу 35, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын үстүнөн 16, билим берүү тармагы боюнча 13 даттануу келген. Андан башка мамлекеттик каттоо кызматы, саламаттык сактоо тармагы жана башка мекеме-ишканалардын үстүнөн арыздар бар.

Алардын арасынан 68 арыз жана кайрылуулар тийиштүү министрликтерге жана мекемелерге жиберилген. Калганы атайын кызматтын кароосунда турат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ишеним телефондору жана коомдук кабылдамалары ар бир облустун борборунда иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG