Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:02

Балдардын жана жаштардын укугу талкууланат


Бүгүн Бишкекте балдардын жана жаштардын укуктарын талкууга алган семинар башталды. Аны Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги уюштурууда.

Иш-чарага Адам укуктары жаатында тажрыйбага ээ германиялык адистер чакырылган. Алар балдардын жана жаштардын укуктары боюнча дүйнөлүк тажрыйбадан мисалдарды айтып беришет. Ошондой эле бул жаатта Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамдар талкууланып, үйрөтүлөт. Семинар 6-сентябрга чейин уланат.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандагы укугу тепселген кишилердин 60 пайызга жакынын 29 жашка чейинки кишилер түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG