Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:22

Жогорку Кеңештин тарыхы талкууланат


Жогорку Кеңештин 75 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция эртең парламенттин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде өтөт.

Иш-чара «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 75 жылдыгы: Мыйзам чыгаруу ишинин абалы жана анын келечеги» деп аталат. Конференцияда парламенттин өткөн күндөрү жана келечеги тууралуу баяндамалар окулуп, кемчиликтер талкууланмакчы.

Жогорку Кеңеш - мыйзам чыгаруу бийлигинин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде көзөмөл кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу орган болуп эсептелет. Курамында партиялык тизме боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 120 депутат бар.

Эл эсинде "Легендарлуу парламент" деген ат менен калган Кыргыз ССР Жогорку Советинин акыркы 12-чакырылышы 1990-жылы шайланган. Ал кийин Жогорку Кеңеш деген аталыш менен иштей баштады. (SE)

XS
SM
MD
LG