Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Кыргыз депутаттары Шотландияга барды


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Айнур Алтыбаева жана Акматбек Келдибеков баштаган делегация Шотландиянын тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министри Хамза Юсаф менен жолугаарын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Ошондой эле Эдинбургда шотланд парламенти жана Стерлиң аймагынын жергиликтүү кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуулар болот.

USAID жана DFID биргелешкен долбоорунун алкагында Жогорку Кеңештеги сегиз парламенттик комитеттеринин жетекчилери Британиянын парламенттик системасы, мыйзам чыгаруу жараяны, өлкөдөгү парламенттик комитеттердин иши менен таанышуу жана парламенттер аралык мамилени күчөтүү максатында келген.

Буга чейин кыргыз делегациясы Британиянын эл аралык өнүктүрүү министринин орун басары Алан Данкан, британ парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү, жергиликтүү ишкерлер жана кыргызстандыктар менен жолукту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында парламенттик делегация BBC корпорациясынын кеңсесинде болуп, радионун кыргыз кызматына маек куруп беришти. (BaZ\SE)

XS
SM
MD
LG