Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:17

Путин: Сирияга аскерий чабуулду Орусия колдошу мүмкүн


Орус президенти Владимир Путин Associated Press маалымат агенттигине сүйлөп: “эгерде Дамаскинин четинде өз элине каршы химиялык куралды Сириянын өкмөтү колдонгону далилденсе, Москва Сирияга каршы аскерий чара көрүү планын колдошу мүмкүн”, - деди.

"Эгер колубузда бул кылмышты ким жасаганы жөнүндө так, ишенимдүү маалымат болсо, реакция да жасай алмакпыз. Азыр божомолдордун негизинде эле “антебиз-минтебиз” дей берген такыр болбойт. Мен сизге айтаарым, биз принципиалдуу позицияны карманып жатабыз. Ал турумубуздун түпкү мааниси: элди массалык түрдө кыра турган куралды колдонуу – бул кылмыш", - деди орус президенти.

Путин Батышты азыр Сирия боюнча “бир жактуу” аракеттерди көрүп жатканы үчүн сындады. Москва Дамаскиге S-300 үлгүсүндөгү ракетадан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн бергенин, бирок азырынча жаңы техниканы жиберүүнү токтотуп койгонун кошумчалады.

Путин булар жөнүндө Санкт-Петербургда эртең баштала турган “Чоң жыйырманын” саммитинин алдынан билдирди. Орус президенти америкалык президент Барак Обама аны менен саммит алдындагы жолугушуудан баш тартканына өкүнүчүн билдирип, бирок жалпы жыйында Сирия боюнча олуттуу талкуу болот го деп үмүттөнөөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG