Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:39

Кадамжай: полковниктин элесине турнир уюштурулду


Кадамжайда 7-апрель окуясында каза болгон милициянын полковниги маркум Акжол Камбаровдун элесине арналган волейболго Өзбекстандан да оюнчулар келди.

3-сентябрда болгон турнирде 10 команда ойноду. Биринчи орунду Масалиев айыл округунун курама командасы, экинчи орунду Кадамжай Райондук ички иштер бөлүмүнүн командасы жеңип алды. Үчүнчү орунду Өзбекстандын "Кара-Жантак" командасы ээледи. Бул тууралуу райондук администрациядан маалымдашты. 

Турнирдин алдында маркумдун өткөн өмүрү эскерилип, куран окулду.

Акжол Камбаров Жалал-Абад жана Чүй облустук ички иштер башкармалыктарында иштеген. 2010-жылдын 7-апрелинде бийлик алмашууда октон көз жумган. Анын ысымы Кадамжайдагы өзү окуган мектепке ыйгарылган. (SE)

 

XS
SM
MD
LG