Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

Евробиримдиктин өкүлдөрү Юлия Тимошенко менен жолукту


Юлия Тимошенко
Юлия Тимошенко
Тимошенконун бели оруп, азыр Харьковдогу ооруканада дарыланууда. Ага каршы ачылган кылмыш иштерине Евробиримдиктен байкоочу катары жиберилген Александр Квасниевский менен Пат Кокс бүгүн экс-премьер менен сүйлөшө алышты.

Юлия Тимошенкону 2009-жылы Орусия менен газ келишимин түзүүдө мамлекетке зыян келтирген деген айып менен 2011-жылы жети жылга түрмөгө кесишкен. Андан бери экс-премьерге “салыктан качкан”, “акча уурдаган” жана “адам өлтүрүүгө катыштыгы бар” деген айыптар да тагыла баштады. Тимошенко өзү мунун баарын “саясий айыптоо” деп сыпаттап, күнөөнүн бирин да моюнга алган эмес.

Евробиримдик Киевди быйыл ноябрда эки тараптуу кызматташтык боюнча келишим түзгөнгө чейин Тимошенкону ырайым кылып, түрмөдө бошотууга үндөп келатат.

XS
SM
MD
LG