Бүгүн Гурбангулы Бердымухаммедов менен Си Цзинпин өлкө түштүгүндө “Галкыныш” газ кенинин ачылыш аземине катышты. Эки лидер Кытайга түркмөн жаратылыш газын дагы көбүрөөк жиберүү жолдорун кечээ Ашгабадда сүйлөшкөн. “Галкыныш” дүйнөдө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган газ кени, анын курулушу үчүн Кытай Түркмөнстанга 8 млрд. доллар берген.
Бүгүнкү азем эки өлкө эми Кытайга экспорттолгон түркмөн газын 2020-жылга чейин көбөйтүп, жылына 65 млрд. кубметрге жеткирүүнү караган келишимге кол коюу менен да бир убакытка туура келди. Буга чейин Түркмөнстан Кытайга ортодогу газ кууру аркылуу жылына 40 млрд. кубметр газ жиберип турган.
Кытай лидери Си Цзинпин Борбор Азияга расмий сапарынын алкагында 13-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышмакчы.