Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

Ооганстанда банктан миллион доллар уурдаган аял изделүүдө


Бийликтердин айтымында, мурда “Азизи” банкында иштеген 22 жаштагы Шокофа Салехи өзүнүн туугандарынын эсебине бир миллион доллар которгон деп шектелүүдө. Банктын жетекчилиги таркаткан кабарга караганда, Салехи эки ай мурун жоголуп кеткен. Ага 10 адам акча которууга жардам бергени аныкталды. Полиция бул кылмышка шектелген эки киши Дубайда кармалганын айтууда.

Ооганстандагы банктарда акча уурдоо кеңири жайылган көрүнүш. Быйыл мартта Кабул банкынын жетекчилигинин эки өкүлүн сот 2010-жылдагы массалык акча уурдоо үчүн беш жылга түрмөгө кести. Ал окуядан кийин өлкөнүн эң чоң банкы жабылган болчу.

XS
SM
MD
LG