Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган дирекциянын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Абдыжапар Бекматов кабарлады. Анын айтымында, комиссия текшерүүнү жыйынтыктап, ал парламенттин күн тартибине киргизилди. Жакынкы күндөрү парламенттин жалпы жыйынында каралмакчы.
Комиссиянын жыйынтыктарына ылайык, дирекция бөлүнгөн каражатты үнөмсүз пайдаланып, керексиз кызматтарды ачканы, курулуш эрежелерине жооп бербеген көп кабаттуу үйлөрдү курганы белгилүү болгон.
Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясы 2010-жылдын июнь окуясынан кийин түзүлгөн. Ал жабыркагандарга жардам, курулуш жана каржылык көмөктү жөнгө салуу милдетин аткарып келген. Дирекция мамлекеттик башкарууну оптимизациялоо боюнча комиссия сунушуна байланыштуу быйыл январь айында жоюлган. (BkA)