Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Спорттук мекемедеги паракорлук боюнча кылмыш иш козголду


Бишкек шаарынын прокуратурасы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборундагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, аталган борбордун жооптуу кызматкери спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн бөлүнгөн 1 миллион сомдун бир бөлүгүн өз пайдасына сарптап жиберген. Буга байланыштуу прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан каянаттык менен пайдалануу), 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү пайдалануу) жана 315-берене (кызматтык бурмалоо) боюнча иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG