Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Франциянын премьери парламентти Сирия боюнча чечимди колдоого үндөдү



Франциянын премьер-министри Жан-Марк Эро Сирия боюнча унчукпоо Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкка кооптуу деген оюн шаршемби күнү француз парламентинин астында чыгып сүйлөгөн сөзүндө эскертти. Премьер кошумчалагандай, чараларды көрбөө Иран жана Түндүк Корея өңдүү өлкөлөргө алардын ядролук программалары боюнча терс сигналдарды берет.

Франциянын президенти АКШнын келечектеги Сириядагы аскерий операциясына кошулуу чечимин кабыл алган. Олланд бул суроо француз парламентине коюлуш керек деген оппозициячыл топтор менен макул эмес. АКШда бул маселе Конгрессте талкууланат.

Дүйшөмбү күнү Франция парламент мүчөлөрүнө Сириянын учурдагы президенти Башар Асаддын бийлиги химиялык куралды колдонгондугу боюнча далилдерди келтирген.

XS
SM
MD
LG