Баткендеги кыргыз-тажик чек арасына конгон белгисиз парашютчуларды издөө уланып жатат. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын жетекчи орун басары Улан Рысбеков кабарлады. Анын айтымында, парашютчулар конду делген Сары-Жаз аймагында милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө. Буга чейин айрым маалымат каражаттары украиналык спортчулар экенин жазып чыгышкан. Бирок Рысбеков бул маалыматты четке кагып, парашютчулар табыла электигин билдирди.
29-август күнү таңга маал аталган аймакка 5-6 парашютчу конгонун жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Алар тиешелүү органдарга кабар берген соң, издөө башталган. Мындай иштерди коңшулаш Тажикстандын күч органдары да өз аймагында жүргүзгөнү айтылууда.(BkA\ЕВM)