Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Жалал-Абад: акимиятты ээлеп алуу боюнча сот жылды


Май айында Жалал-Абадда нааразылык акциясын уюштургандардын соту 12-сентябрга жылды. Буга күбөлөрдүн толук келбей калганы себеп болгон.

Кечээ Жалал-Абад шаардык сотунда нааразылык акциясынын уюштуруучулары Медер Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Жеңишбек Токторбаев жана Абсатар Сыргабаевдин иши каралмак. Алар бийликти күч менен басып алган, күч менен басып алууга чакырган жана массалык башаламандык уюштурган деп күнөөлөнүүдө. Буга чейинки жараяндарда кылмышка шектелгендер өздөрүнө тагылган айыпты четке каккан.

Ушул жылдын 31-майында Жалал-Абадда Кумтөр жана камалган депутаттар боюнча нааразылык акцияга чыккандар облустук акимчиликке кирип кетишкен. Анда Медербек Үсөнов “элдик губернатор” деп жарыяланган. Кийин Үсөновду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алганда, митингчилер Барпы айылынын тушундагы Ош-Бишкек жолун бууган. (SE\YA)

XS
SM
MD
LG