Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Ош мэриясы эттин баасы боюнча текшерүү жүргүзөт


Ош мэриясы этке болгон баанын кымбатташынын себептерин текшерет. Бул боюнча түзүлгөн атайын комиссия калаадагы базарларды, эт саткан жерлерди кыдырып, рейд өткөрөт. Буга жашоочулардын мэрияга жазган арызы негиз болгон.

Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссиянын курамында шаардык бийликтин каржы бөлүмүнүн адистери, шаардык антимонополия кызматынын өкүлдөрү бар.

Ошто соңку айда эттин баасы 20 сомго кымбаттаган. Буга чейин уй эти 280, койдуку 300 сомдон сатылчу. Комиссия мүчөлөрү апта аягына чейин текшерүүлөрдү жүргүзүп, калаада сатылчу эттерге бирдиктүү баа белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG