Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:21

Москва: кыргызстандык уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды


Москва шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын негизинде уюшкан кылмыштуу топторго мүчө делген 10 адам кармалды. Алардын сегизи Алманбет Анапияевдин, экөө Азиз Батукаевдин тобуна мүчө экени айтылууда. Анапияевдин тобунда делгендердин жетөө Москва аймагындагы кылмыштарга тиешеси бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Айбек Арзыматов билдирди.

Москвада иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын маалыматынын негизинде июль-август айларында Орусияда болгон кыргызстандык милиция кызматкерлери жалпысынан 16 адамды кармаган. Анын ичинен 6 киши Кыргызстанда мурда кылмыш кылып, издөөдө жүргөндөр. Аларды кармоого Орусия федерациясынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери да жардам берген.

Учурда кармалгандарды Кыргызстанга алып келүү боюнча документтер даярдалууда. (SE)

XS
SM
MD
LG