Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Дарыяга чөккөндөрдүн аты-жөнү такталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаа кырсыгынан улам Бишкек-Ош жолундагы Нарын дарыясына кулап, мерт кеткендердин аты-жөнүн тактады. Алардын бирөөнүн сөөгү табыла элек.

Курман болгондор:
Анаркан Ажыбекова, 45 жашта, Аксы районунун тургуну,
Асыл Дүйшебаева – 34 жашта,. Аксы районунун тургуну,
Фархат Карыпбеков, 30 жашта, Аксы районунун тургуну,
Жаныбек Турдубаев, 28 жашта, Бишкек шаарынын тургуну,
Сардор Токтакунов, 25 жашта, Ош шаарынын тургуну.
2 жаштагы Нертегин Абдиназаровдун сөөгү изделип жатат.

Кырсык 4-сентбярь күнү кечке жуук Бишкек-Ош жолунун 402-чакырымында болгон. Мамлекеттик номуру S1662B болгон “Хонда-Степ-Вагон” унаасы Кара-Көл шаарына жакын аймакта жол четиндеги Нарын дарыясына түшүп кеткен. Кырсыктан жараат алган 2 адам Кара-Көл шаардык ооруканасына түшкөн. Алар: Аксы районунун тургундары 46 жаштагы Калмамат Базарбаев жана 24 жаштагы Жылдыз Сарымсакова.

21-августта да Бишкек-Ош жолунун боюндагы Кара-Суу дарыясына унаа кулап, 7 адам каза болгон. Алардын экөөнүн сөөгү табыла элек. (SE)

XS
SM
MD
LG