Турсунбек Акун жакында Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциясын баштаарын айтты. Ал мындай пикирин бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Анын айтымында, спикер Турсунбек Акун ооруп жаткан учурда анын жумуштан кетирүү маселесин парламентке коюп, чечим кабыл алган.
“Андан сырткары, акыйкатчынын ордуна жарыяланган сынакты токтотууну өтүнүп, эки жолу кат жолдосом да, жарытылуу жооп берген жок. Ошондуктан жакын арада Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылган акцияларды баштайм. Тарапкерлерим да мени колдошуп, акцияга чыгышат деп ойлойм”, - деди Турсунбек Акун.
Парламент криминалдык чөйрөнүн "лөгү" делген Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошонуп кетишине байлап жайкы эс алууга кетээр алдында Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. Бул үчүн Акун Жогорку Кеңешти сотко да берген. Омбудсменди шайлоо ушул айда болот, ага 50дөн ашуун талапкер катталган. (SE)