Жалал-Абадда селсаяктар убактылуу баш калкалоочу жайга муктаж. Калкты социалдык жактан коргоочу Л.Фомова атындагы республикалык коомдук бирикменин Жалал-Абаддагы түйүнү шаардын ар кайсы жеринде түнөп жүргөн үй-жайсыз отуз адамды каттаган.
Түйүндүн башчысы Лидия Линдоренко алар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай ачуу, аларды жумушка орноштуруу тууралуу жергиликтүү бийликтерге кайрылуусунан натыйжа чыкпагандыгын жана алардын жоопторуна канааттанбагандыгын бүгүн билдирди.
Сузак райондук администрациясы Көк-Жаңгак шаарындагы балдар үйүнөн тарбияланып чыккандарга турак-жай бөлүштүрүү маселесин караштырып жаткандыгын маалымдаган. Жалал-Абад шаар мэриясы башпаанексиз адамдарды жайгаштыруу үчүн имарат жоктугун айтып келет. (YA)