Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Тоо кен тармагы талкууланат


Бүгүн Ала-Бука тоо кендеринин абалы жана ага байланыштуу талаш маселелер талкууланат. Иш-чараны Youth of Osh жана Search for common ground эл аралык уюму биргеликте ишке ашырып жаткан “Кабар-Ордо” долбоорунун адистери уюштурууда.

Долбоордун өкүлү Икбол Исаков “Азаттыкка” билдиргендей, талкууга жергиликтүү бийлик кызматкерлери, кен казуу иштери менен алектенип жаткан компаниялардын өкүлдөрү, жарандык коомдун активисттери жана жашоочулар катышат. Максат – кен казуучулар менен жергиликтүү калктын ортосунда пайда болуп жаткан талаш маселелерди чечүүнүн жолдорун издөө.

Аталган аймактарда жети кен казуучу ишкана бар. Эң ириси Казакстандын “Казакмыс” жана Кытайдын “Иштамберди” кен казуучу компаниясы. Алардын кен казуусуна жергиликтүү тургундар буга чейин бир нече жолу нааразылык билдирген. Ушул өңүттөгү талкуу эртең Чаткал районунда болот. (SE)

XS
SM
MD
LG