Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Бишкек-Ош жолунда дагы 5 адам каза тапты


Бишкек-Ош жолунун 504-чакырымында, Ноокен районунун Момбеков айылынын аймагында эки унаа сүзүшүп, 5 адам мерт кетти. Окуя 5-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, МАN үлгүсүндөгү мамлекеттик номуру S2515Х жүк ташуучу унаа менен “Мицубиси” маркасындагы мамлекеттик номуру D4048U жеңил унаасы кагышкан.

Каза тапкандардын баары “Мицубисиде” бараткандар экени такталды. Алар:
Эрмек Рыскулов, 39 жашта, Жалал-Абад шаарынын тургуну,
Жанара Кочкорова, 34 жашта, Жалал-Абад шаарынын тургуну,
Нияз Атаханов, 28 жашта, Ноокен районунун тургуну,

26 жаштагы Нияз Токтоналиев менен 17 жаштагы Сталбек Нуралиевдин дареги аныктала элек.

Мерт кеткендердин сөөктөрү Кочкор-Ата шаардык ооруканасынын өлүктөрдү сактоочу жайына жеткирилген. Соңку жарым айда Бишкек-Ош жолунда катталган унаа кырсыктарында 18 адам каза тапты. (SE)

XS
SM
MD
LG