Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Баткен: окко учкандардын бири ымыркай

Баткенде белгисиз бирөөлөрдүн огунан каза тапкан үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында ымыркай да бар. Жергиликтүү тургундардын айтымында, үй ээси жеке ишкерлик менен алектенет. Ал октон аман калганы кабарланууда. Баткен облустук милициясынын маалыматы боюнча, Кара-Булак айылында 5-сентябрь күнү түндө бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсүн атып кетишкен. Иликтөө иштери жеринде уланууда.

Өткөн айда Тажикстандын Баткен менен чектешкен Чорку аймагында да бир үй-бүлөнү атып кетишкен болчу. (SE)
XS
SM
MD
LG