Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

“Манас” аэропортунда жүргүнчү курал менен кармалды


"Манас" эл аралык аэропортунда уруксат берилбеген миздүү курал менен Эгембердиев аттуу Кыргызстандын жараны кармалды. Сурак маалында ал мурда кылмыш жасап, издөөдө жүргөнү аныкталды.

Аэропорттун басма сөз кызматынан маалымдашкандай, окуя бүгүн болгон. Стамбул шаарынан 804-рейс менен учуп келген Эгембердиев атайын текшерүүдөн өтүүгө каршылык көрсөткөн. Күзөт кызматындагылар аны курткасынын ичинен аэропорттун аймагында алып жүрүүгө тыюу салынган бычак тапкан.
Кармалган жаран милицияга өткөрүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG