Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктоодо


Кара-Балта шаарында «Чайна Петроль Компани Жунда» компаниясы тарабынан Мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктоодо. Завод толугу менен күздүн орто ченинде ишке кирет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Заводдон жылына 650 миң тонна мунайзат чыгаруу пландалууда. Негизинен АИ-80, АИ-92, АИ-95 жана АИ-98 үлгүсүндөгү бензин, күйүүчү жана мотор майы, суюк газ чыгарылат.

Ошондой эле Токмок шаарында да мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушу жүрүп жатат. Курулуш иштери 2013-жылдын соңунда аяктайт.

Жаңы заводдор үчүн чийки зат Орусия жана Казакстандан алынып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG