Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Баткенде үй-бүлөнү атып кетишти

Баткендин Кара-Булак айылында бир үй-бүлөнү белгисиз кишилер атып кетти. Айыл тургундарынын “Азаттыкка” маалымдашынча, октон үйдөгү 4 адам каза таап, бирөө жарааттан аман калган. Окуя 5-сентябрь күнү түндө болгон. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, тирүү калган үй ээсинин аты-жөнү Тажибай Эралиев - 54 жашта. Анын 52 жаштагы жубайы, 27 жаштагы уулу, 25 жаштагы келини жана 1 жаштагы небереси ок тийип, көз жумган. 3 жаштагы небере кызы үйдүн ичинде болгондуктан аман калган. Тажибай Эралиев оор абалда бейтапканада жатат. Ал ишкерлик менен алектенген. (Жеңиш Айдаров)

XS
SM
MD
LG