Бүгүн АКШнын Бишкектеги элчилигинин жанында Сирияга сокку урууга каршы акция болду. Аны “Сергей Радоженский жана Айкөл Манас” атындагы укук коргоо борбору уюштурган.
Борбордун жетекчиси Игорь Трофимовдун айтымында, акциянын максаты - Сирияга сокку уруу боюнча АКШнын планына кыргызстандыктардын каршы экенин билдирүү.
Акцияга жалпысынан беш адам катышты. Элчилик тараптан алар менен эч ким чыгып жолуккан жок. Окуяны милиция көзөмөлдөдү.
Кечээ, 5-сентябрда парламентте да депутат Турсунбай Бакир уулу тарабынан бул маселе көтөрүлгөн болчу. Сирияга сокку урууга каршылык билдирүү жөнүндө Жогорку Кеңеш азырынча бир чечимге келе элек.
Ал эми мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Сирия боюнча позициясын ШКУ жыйынында билдирерин президенттик аппараттан маалымдашты.
АКШ президенти Барак Обама Сириянын баш калаасы Дамаскта 21-август күнү 1400дөн ашык кишинин өлүмүнө алып келген чабуулда Асаддын өкмөтү химиялык курал колдонгон деген ишенимин билдирген жана ал жакка аскерий чабуул жасоо сунушун айткан.
АКШ Конгресси кийинки аптада Сириядагы аскер операциясын колдогон резолюция долбоорун талкуулап, аталган маселе БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралуусу күтүлүүдө. (SE\KE)