2003-жылкы Кумтөргө байланыштуу келишим боюнча кармалгандар үй камагына чыкты. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, кармалгандар юстиция министринин ошол кездеги орун басары Нурлан Алымбаев, геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жооптуу кызматкери Дүйшенбек Камчыбеков жана өкмөттүн аппаратынын мурунку кызматкери Азимбек Жолошев 5-сентябрь күнү үй камагына бошотулду. Мындай чечимди Бишкектеги Октябрь райондук соту чыгарды. Алар 3-сентябрда кармалган болчу.
Андан сырткары мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевге, мурдагы президенттин уулу Айдар Акаевге жана Кумтөр боюнча ошол кездеги эксперттик топтун мүчөлөрүнө сырттан айып тагылды.
Парламенттин быйыл жазгы сессиядагы тапшырмасынан кийин Башкы прокуратура 2003-жылкы Кумтөргө байланыштуу келишим боюнча кылмыш ишин козгогон. (SE)