Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Ош: журналисттер арасында мелдеш өтөт


Оштогу “Башат” телевидениесинин 2 жылдыгына карата аймактагы журналисттер жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин арасында футбол турнири болот. Иш-чара 7-сентябрь күнү Түштүк аймактык балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектебинде өтөт.

Телеканалдын директору Толкун Эрмекбаев “Азаттыкка” билдиргендей, турнирдин жалпы байге фонду 10 миң сомду түзөт. Ага Ош жана Жалал-Абаддан онго жакын команда катышат. Биринчи орунду алгандарга турнирдин кубогу берилет. Андан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар бар.

“Башат” телеканалынын ээси өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков экени айтылат. Канал 2011-жылдан бери обого чыгат. Ага чейин анын ордунда өзбек тилиндеги “МезонТВ” телеканалы көрсөтүлчү. (SE)

XS
SM
MD
LG