Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:26

Орусиянын аскерий үч кемеси Сирияга жакын жерге жайгаштырылды


Бүгүн Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабына жеткирилген кемелердин ичинде "Новочеркасск" десанттык кемеси бар бар, 5-сентябрь, 2013
Бүгүн Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабына жеткирилген кемелердин ичинде "Новочеркасск" десанттык кемеси бар бар, 5-сентябрь, 2013
Бул тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттиги өлкөнүн деңиз-аскер флотунун башкы штабына шилтеме менен кабарлады. Кабарда бүгүн үч чоң аскерий кеме “Дарданелл” кысыгы аркылуу Жер ортолук деңиздин чыгыш тарабына жылышканы айтылат. Алар буга чейин аймакка жайгаштырылган кемелердин катарын толуктап, региондогу күчүн бекемдейт.

Кечээ орус президентинин администрация башчысы Сергей Иванов аскерий флоттун аймактагы ишинин бекемделишин “Сириядан орус жарандарын эвакуациялоо зарылдыгы болуп калышы мүмкүндүгү” менен түшүндүргөн. АКШ регионго буга чейин эле аскерий кемелерин жайгаштырган. Алар буйрук болсо эле Сирияга аскерий чабуул койгонго даяр турушат.

Вашингтон 21-августта Дамаскинин четинде “химиялык курал колдонду” деп, Сириянын өкмөтүн айыптаган. Сирия боюнча азыр АКШнын позициясына Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Орусия каршы болууда.

Сирия проблемасын бүгүн Санкт-Петербургдагы “Чоң жыйырманын” саммитинде орус-америка президенттери да бетме-бет сүйлөшүүдө талкуулашканы айтылды. Бирок орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков “Интерфакска” айтканына караганда, “ортодо мунаса дагы эле табыла элек”.

XS
SM
MD
LG