Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:00

Мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова дүйнө салды


Маданият министри Султан Раевдин "Азаттыкка" билдиришинче, белгилүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова бүгүн саат экилер чамасында 93 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Кондучалова 2011-жылы жамбаш сөөгүн сындырып алып, ага операция жасалган болчу. Күлүйпа Кондучалова менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрда Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрында саат 10до болот.

Күлүйпа Кондучалова Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик жетекчиликке көтөрүлгөн биринчи аял саясатчы болгон. Ал 22 жыл бою Кыргыз ССРинин маданият министри кызматын өтөгөн. Дал ушул мезгилде Кыргызстанда мыкты тасмалар тартылып, Чыңгыз Айматовдун белгилүү чыгармалары жазылып, балет өнөрү туу чокусуна жеткен.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер I жана III даражадагы “Манас” орденинин, бир катар медалдардын жана Курманжан Датка эл аралык сыйлыгынын ээси. (AzK)

XS
SM
MD
LG