Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:37

Сирияда исламчылар христиан айылын басып алышты


Исламчылар баштаган козголоңчулар баш калаа Дамасктан түндүктөгү христиандардын тарыхый Маалула кыштагын өз көзөмөлүнө алды. Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөө обсерваториясы тургундарга шилтеме берип билдиргендей, өкмөттүк күчтөр бул аймактан чыгып кеткенден кийин, козголоңчулар Маалуланы өз колуна алды. Бирок айылдын ичинде өкмөтчүл күчтөрдүн калдыктары кала берип жаткандыгы кабарланды. АКШ менен Франция Сирияга каршы сокку урууга колдоо күч алгандыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG