Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:03

Карзай НАТОнун абадан соккусун айыптады


Ооган президенти он алты адамдын өлүмүнө алып келген абадан бомбалоону сындады. Ооган бийлигинин маалыматы боюнча ишембиде кечинде НАТОнун талибандарга багытталган бомбалоосунан он алты жайкын тургун набыт кеткен, алардын ичинде үч аял жана төрт жаш бала бар.

Кунардын полиция башчысы Абдул Хабиб Саид кишилер түшкөн унаа талибдер турган жерден өтүп баратканда аткыланган. Ал эми НАТОнун өкүлү Энн Мари Анниселли тынч тургундар өлгөнү тууралуу кабар болбогонун, аткылоодон 10 талиб өлтүрүлгөнүн айтууда.

Хамид Карзай өзүнүн билдирүүсүндө НАТО тарабынан Кунарга абадан жүргүзүлгөн соккуну сындап, “балдарды жана аялдарды өлтүрүү эл аралык нормаларга каршы келет” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG