Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

Акыйкатчылыкка талапкерге шартты катуулатуу талабын койгон акция өтөт


Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясы өткөнү жатат. Анын уюштуруучусу, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" айтымында, эки талап коюлат. Биринчиси - Бакиевдерди Кыргызстанга алып келип жазалоо, Беларус менен дипломатиялык кызматташтыкты токтотуу жана Кыргызстандын Беларустагы элчилигин жабуу. Экинчиси - Кыргызстандын акыйкатчысы болом деген талапкерлерге коюлчу шарттарды катуулатуу. Токтонасыровдун пикиринде, акыйкатчылыкка арыз берген мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар ээлеген кызматын таштагандан кийин гана талапкер болуп катталышы керек.

Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө акыйкатчы болом деп парламентке арыз тапшыргандардын саны элүүдөн ашты. Алардын арасында мамлекетттик кызматта иштегендер да бар.

Токтонасыровдун айтымында, ал өзүнө депутаттардын көңүлүн буруш үчүн бүгүнкү акцияга тулку боюн скотч менен чаптап алып чыгууну көздөп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG