Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:04

Кыргызстан - Индия аскерий кызматташтыгы талкууланды


Бишкекте Кыргызстан менен Индия ортосундагы аскерий кызматташтык талкууланды. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Индиянын элчиси Жаянт Кхобрагадени кабыл алды. Жолугушууда эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосундагы алаканын азыркы абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Кыргызстандык аскерлердин Индиянын жогорку аскердик окуу жайларында билим алуусуна шарт түзүү, эл аралык терроризмге каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланды. Ушул эле маселелер министр Өмүралиевдин 11-15-сентябрда Делиде өтчү расмий сапар учурунда да кеңири каралат. (RK)

XS
SM
MD
LG