Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, кылмыш ишин экинчи баскычтагы сотто кароонун натыйжасында милиция полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмү үчүн соттолгондордун үчөөсүнүн алды 30, арты 10 жылга түрмөгө кесилишти.
Бул ишти алгач караган Кара–Суу райондук соту берген өкүмдөн 5-6 жылга көптүк кылат. Буга чейин райондук сот аталган иш боюнча бир адамды өмүр бою эркинен ажыраткан.
http://www.azattyk.org/content/news/25014363.html
ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын башчысы, полковник Толкунбек Шоноев быйыл 13-январда өз үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн болчу. (UE)