Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Орусия Сирияны химиялык куралдан баш тартууга чакырды


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров басма сөз жыйында билдиргендей, ал бул идеяны Сирия тышкы иштер министри Валид ал –Муаллем менен Москвадагы бүгүнкү жолугушуусунда талкуулады жана Дамасктын жообун күтүүдө:

- Сирияда буга макул болушабы же жокпу, биз билбейбиз. Бирок эгер бул өлкөдөгү химиялык куралга эл аралык көзөмөл соккунун алдын ала алса, биз Дамаск менен иштешүүгө тезинен киришебиз. Сирия өкмөтүн химиялык курал сакталган жерлерди эл аралык көзөмөлгө гана койбостон, андан кийин аларды жок кылуу жана химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмга толук кандуу кошулуу жагын макулдашууга чакырабыз.

Сирия президенти Асад химиялык куралын бир аптада өткөрүп берсе, аскерий соккуну алдын алуусу мүмкүндүгүн бүгүн АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Лондондон айткан эле, бирок ал сунуш жасап жатпаганын дароо эле ачыктаган.

Бул аралыкта президент Башар Асад америкалык Си Би Эс телеканалы обого бүгүн чыгарган интервьюсунда эгер АКШ сокку жасаса, өч алынарын эскертти.

“Силер баарын күтсөңөр болот”,-деген Асад анын күчтөрү химиялык курал колдонгону тууралуу маалыматтарды четке какты.

Вашингтондун маалыматы боюнча 21-августа, Дамасктын жанындагы газ чабуулдан 1400дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG