Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:28

Обама Сирия химиялык куралын өткөрүп берерине көзү жетпесин билдирди


АКШ президенти NewsHour телеканалына курган маегинде Сириянын химиялык куралын эл аралык көзөмөлгө өткөрүп берүү тууралуу Орусиянын сунушун “потенициалдуу өнүгүү” деп атады:

- Бул өтө пайдалуу өнүгүү. Бирок мен айтып коюшум керек, мунун ишке ашуусу күмөн. Кремлдин демилгеси тынч элге карата химиялык курал колдонгону үчүн Асаддын режимин жазалоо чечими эффективдүү болгонун далилдей алды.

Бирок Обама бул маселе боюнча Санкт-Петербургдагы чоң жыйырманын жыйынында Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөнүн жарыя кылды. Ал ошондой эле Сирияга аскердик операция жасоо тууралуу демилгени Конгресс колдоп берет деген кепилдик жок экенин да мойнуна алды. Барак Обама дүйшөмбүдө бир катар телеканалдар аркылуу чыгып сүйлөп, Сирия маселеси тууралуу маалымат берди.

Америкалык мыйзамчылар Сирияга карата аскердик операцияга киришүү 21-августта “Сирия өкмөтү химиялык курал колдонду” деген маалыматка туура жооп боло аларына ишенбесин билдиришти. Сирияга аскердик операция тууралуу маселени АКШ Конгресси ушул аптанын ичинде карайт.

XS
SM
MD
LG