Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Тажикстан: президенттик шайлоого оппозициядан бирдиктүү талапкер

Тажик оппозициялык топторунун коалициясы укук коргоочу Ойнихол Бобоназарованы президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер кылып чыгарды. Бул тууралуу Тажикстан Реформалык күчтөр биримдиги 9-сентябрда, өлкөнүн эгемендик күнүндө жарыялады.

Оппозиция бир нече ай мурун президенттик шайлоого 1992-жылдан бери бийликте келе жаткан Эмомали Рахмонго каршы бирдиктүү талапкер алып чыгарын жарыялаган. Бобоназарова “Перспектива” деп аталган коомдук уюмдун жетекчиси, 1990-жылдары Тажикстанда демократиялык партияны түптөгөн. Ал 1993-жылы Тажикстанда жарандык согуш болуп жаткан учурда төңкөрүш жасоого аракет кылды деген айып менен бир нече ай камакта отурган.

Тажикстандагы президенттик шайлоо ноябрь айында болот.
XS
SM
MD
LG