Армения парламенти президент Серж Саргсяндын Ереван Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө деген билдирүүсүн талкуулап жатат. Орусия, Беларус жана Казакстан мүчө болгон уюмга кошулуу чечими парламент менен макулдашпастан кабыл алынганына нааразы болгон депутаттар жыйынга тышкы иштер министри Эдуард Налбандянды чакырып, түшүндүрмө талап кылышты. Талкуу өткөрүү демилгесин оппозициядагы партиялар көтөрүшкөн.
Өткөн жума күнү Европа биримдигинин кеңейүү боюнча комиссары Штефан Фуле Армениянын Бажы биримдиги алдындагы милдеттенмелери шаркет менен өнөктөштүк келишимине шайкеш келбейт деп билдирген. Ал келишим ноябрда Вилнюста өтчү саммитте талкууланмак. Оппозиция Саргсяндын чечимине нааразылык билдирип, бүгүн Еревандын көчөлөрүнө чыгууну пландаштырууда.