Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

ШКУ саммити: Бишкекте коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Бүгүнтөн тарта Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 2,5 миң милиция кызматкери 14-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте иштейт. Жол-кайгуул кызматы саммитке келген коноктордун жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шаардын айрым көчөлөрүн убактылуу жабууга мажбур болоорун айтууда. Аймактагы коопсуздук жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөө максатында 2001-жылы түзүлгөн ШКУга алты өлкө мүчө. Алар - Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG