Иран өкмөтү “элдин атомдук программага болгон укугунан” бир да карышка чегинбейт. Бул жөнүндө бүгүн президент Хасан Роухани өлкө диниятчыларына кайрылуусунда билдирди.
"Иранга каршы киргизилген “санкциялар, кысым көргөзүүлөр” менен Батыш өлкөлөрү ийгиликке жете албасын түшүнүүгө тийиш", - деди президент. Анын айтымында, Батыш “логика, акылмандык жана өз ара түшүнүү” тилин колдонсо, Тегеран да “даанышмандык, көрөгөчтүк” менен жооп берет. Ушул айдын соңунда Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф жана Евробиримдиктин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон Нью-Йоркто Тегерандын талаштуу ядролук программасын талкуулашмакчы. Батыш мамлекеттери Иран атомдук курал жасоого далалаттанып жатат деп ырастаса, Тегеран аны четке кагууда.