Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:13

Текебаев оппозициялык фракциянын жаңы лидери менен жолукту


Парламенттеги башкаруучу коалициянын курамына кирген "Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн оппозициядагы "Республика" фракциясынын жаңы лидери Назарали Арипов менен жолукту. Бул тууралуу "Ата-Мекендин" маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда "Республиканын" башкаруучу коалицияга кирүүсү тууралуу маселе Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитинен кийин каралаары айтылды.

Азыркы “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы өткөн жылы сентябрда түзүлгөн болчу. Ал Социал-демократтар, “Ар-Намыс” жана “Ата-Мекен” фракцияларынан турат.

Учурда "Республиканын" башкаруучу коалицияга кирүүсү боюнча маселенин үстүндө атайын түзүлгөн топтор иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG