Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Ысык-Көл эл аралык оюндары уланууда


Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” жана Бостери айылындагы “Каприз” эс алуу жайларында 5-сентябрдан 12-сентябрга чейин XIII Ысык-Көл эл аралык оюндары өтүп жатат. Быйыл кара тумоого байланыштуу ызы-чууну шылтоо кылып таймашка 5 өлкөдөн спортчулар келген жок. Алар – Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия жана Монголия. Ошондой болсо да Кыргызстан, Казакстан жана Орусиядан эки жарым миңдей спортчу катышып, мөрөй талашууда. Быйылкы оюндарга спорттун улуттук түрлөрү, кум үстүндөгү күрөш да кошулуп, 18 түр боюнча күч сынашуу болууда. Аталган иш-чара "Азия - байланыш жана тынчтыктын аймагы" деген ураан менен өтүп жатат. (KMa/RK)

XS
SM
MD
LG